Жаңылыктар
Пенсиянын документтерин чогултуу жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Пенсиянын документтерин чогултуу жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлдү

Октябрдан тарта пенсия гана жогорулабастан ага документтерди тапшыруу жол жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү. Социалдык фонд жөнүндө мыйзамга ылайык эми тешелүү кагаздарды чогултуу милдети Соцфонддун аймактык кызматкерлерине жүктөлдү. "Түндүк" системасы аркылуу электрондук маалымат алмашуу тутумуна келечекте Социалдык фонд да кошулат.

Жыл башында күчүнө кирген мыйзамга ылайык, пенсияга чыгуудагы убаракерчилик азайды. Буга чейин жарандар негизги документтен сырткары, кошумча документтерди чогултуу менен алек болсо, быйыл жыл башынан бери ал милдет Соцфонддун аймактык кызматкерлерине жүктөлдү. 

Санариптештирүүнүн алкагында социалдык фонддун расмий сайтында жарандын камсыздандыруучу жеке бөлмөсү да ачылган. Андан каалоочулар топтолгон каражатын, пенсияга чыгууда керектүү документтер тууралуу маалымат ала алат. 2017-жылы пенсия тууралуу мыйзам кабыл алынып, ага ылайык, пенсиянын көлөмү туруктуу көбөйө баштаган. 

Жогорудагы мыйзамдын алкагында 1-октябрдан тартып пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү жогорулады. Акчанын кошулушу менен өлкөдө орточо пенсиянын көлөмү 5 миң 820 сом деп эсептелүүдө. Пенсияга чыгууда жаш курак акыркы жолу 11 жыл мурда өзгөртүлгөн. Ага ылайык, аялдар 58, эркектер 63 жашка толгондо, эмгек стажы 25 жылдан аз болбосо пенсияга чыга алат.