Жаңылыктар
Шайлоодо гендердик азчылыктын орду сакталат
Кыргызстан жаңылыктары
Шайлоодо гендердик азчылыктын орду сакталат

Бул багытта Борбордук шайлоо комиссиясы, эл аралык уюмдар жана жергиликтүү бийлик жер-жерлерде маалымат өнөктүгүн жүргүзүүнү максат кылууда. Жаңы мыйзамдарга ылайык, аялдар депутаттардын 30 пайызынан кем болбошу керек деген эреже парламент үчүн да, жергиликтүү кеңештер үчүн да белгиленген.

Жергиликтүү кеңештерге өткөн соңку шайлоо гендердик азчылыкка артыкчылык берүүсү менен эсте калды. Бир ай мурдагы добуш берүүдө шайланган 21 депутаттын тогузун аялдар түздү. Айылдык кеңештин жетекчилигине да айым депутат тандалды.

Талапкерлер боюнча гендердик азчылык эске алынышы керек деген эреже буга чейин эле бекитилген. Бирок бул талап сакталбай келген. Талапкерлер каттоодон өткөндөн кийин бары өзгөрөт. Аялдарды ордун сактоо үчүн атайын ыкма колдонулду. Эгер айым депутат мандаттан баш тартса, ал тизмедеги кийинки аял талапкерге берилет.