Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Ош облусуна жумуш сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилердин ачылыш салтанатына катышты. Биринчи вице-премьер-министр Алай районунун Күн-Элек айылындагы мектепти пайдаланууга берүү иш-чарасында билим берүү тармагын өнүктүрүү өкмөттүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири экендигин белгиледи. Ошондой эле, Кубатбек Боронов мектепке өкмөттүн атынан компьютердик жабдыктарды тапшырды.
Белгилей кетсек, 225 орунга ылайыкташкан мектептин жаңы имаратынын курулушу 2015-жылы башталган. Учурда мектеп интернетке туташтырылган жана заманбап компьютердик техника менен жабдылган. Ошондой эле, Кубатбек Боронов Алай районунун Ленин айыл өкмөтүндөгү Согонду айылындагы 60 балага эсептелген «Наристе-Согонду» бала бакчасынын ачылыш салтанатына катышты.
Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө Биринчи вице-премьер-министр Сопу-Коргон айыл өкмөтүнүн Бүлөлү айылынын жаңы курулган административдик имаратынын ачылышына жана Сопу-Коргон айылындагы спорт комплекстин курулушун баштоого капсула салууга катышты.