Жаңылыктар
Кыргызстандык укук коргоочу БУУнун "Нансен" сыйлыгына татыктуу болду
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандык укук коргоочу БУУнун "Нансен" сыйлыгына татыктуу болду

Кыргызстан жарандыгы жок адамдардын маселесин толугу менен чечкен дүйнөдөгү биринчи мамлекет. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча жогорку Комиссарынын башкармалыгынын Аткаруу комитетинин 70-сессиясынын алкагында өткөн жыйында айтылган. Анда, кыргызстандык укук коргоочу Азизбек Ашуров БУУнун эң абройлуу "Нансен" сыйлыгына ээ болгон. 


Сыйлык тапшыруу аземи 7-октябрда Женева шаарында өттү. Алгач, БУУнун Качкындар иштери боюнча жогорку Комиссары Филиппо Гранди, Кыргызстандын жарандык берүүнү камсыз кылган мамлекеттик кызматтарына ыраазычылыгын билдирди.



Анда жарандыгы жок миңдеген адамдарга жарандык алып берүүгө көмөктөшкөн кыргызстандык юрист Азизбек Ашуров Уюмдун "Нансен" сыйлыгына ээ болду. Сыйлык ээсинин эмгегинин бааланышын залдагылардын көпкө чейин токтобогон кол чабууларынан улам байкоого болот. Мекендешибиз аземдин күбөлөрүнө кыргыз тилинде ыраазычылыгын билдирди.



Укук коргоочунун айтымында, кыргыз өкмөтү дал ушул жарансыздык көйгөйүнө өзгөчө көнүл бурат жана бул багытта өтө маанилүү жумуштарды аткарат. Айтымында, Нансен сыйлыгы - мамлекет менен жарандык коомдун ийгиликтүү кызматташуусунун үлгүсү.