16-17-октябрь күндөрү Чүй облусунун айрым райондорунда жана тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлүүдө. Ал эми 18-октябрда өлкөнүн түндүк аймактарында бир аз жамгыр жаашы ыктымал. Тоолуу аймактарга жааган кардан улам жолдор тайгак болот. Ошондуктан жолго чыгарда сапардагы айдоочулар машинасын кышкы дөңгөлөктөргө алмаштыруу жана ар кандай шаймандарды алдын-ала камдап алуусу керектигин ӨКМги эскертет. Ал эми синоптиктер октябрь, ноябрь ичи өлкө боюнча дээрлик жылуу аба-ырайы болушу мүмкүндүгүн айтышууда. Бирок, бирде ысык, бирде суук болуп турган маалда адамдар дагы ден-соолугуна өзгөчө көңүл бурушу керектигин дарыгерлер белгилешет.
Калган октябрдын аягына чейинки 15 күндүктө 22-24-октябрь күндөрү Кыргызстандын айрым райондорунда жаан-чачын болуп, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Андан айдын соңуна чейин абанын температурасы жылуу болот. Өзгөчө түштүк райондордо жогору болот.
Бирок, күз мезгили ортолоп калды. Андыктан тоолуу райондорго кар түшө баштайт. Буга байланыштуу ӨКМ сапардагы айдоочуларга алдын-ала кышкы дөңгөлөктөрүн алмаштыруу жана башка шаймандарды камдап алуу керектигин эскертет. Мындай маалыматты Биринчи радиого ӨКМдин басма сөз катчысы Элмира Шерипова айтты.
Күзгү аба ырайы бирде жылуу, бирде салкын болуп турганда адамдын ден-соолугуна да терс таасирин тийгизбей койбойт. Ошондуктан мындай аба-ырайында өтө калың же өтө жука кийим кийип кийбөөнү дарыгерлер сунуштайт. Өзгөчө мектеп, бала-бакчага барган балдардын кийинүүсүнө ата-эне күнүгө көңүл буруусу зарыл дейт дарыгер Светлана Молдалиева.
Синоптиктердин болжолдуу маалыматына караганда, ноябрь айы дагы жылуу болушу күтүлүүдө.