Жаңылыктар
Адистер сулуулуктун сырлары менен бөлүштү
Кыргызстан жаңылыктары
Адистер сулуулуктун сырлары менен бөлүштү

Сулуулук – эстетикалык категория. Мына ушул касиетти тартуулаган медициналык мекемелер да өлкөдө аз эмес. Айымдарга ажарлуу келбет тартуулаган адистер бир аянтчага чогулуп, сулуулуктун сырлары менен бөлүштү.

“Сулуулук дүйнөнү сактап калат” демекчи, кечеге келгендер ажарлуу өң-келбетте болууну даңазалоо максатында чогулушкан. Иш-чарага коңшу Казакстандан белгилүү адистер келип, өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Мындан сырткары сулуулукту хирургиялык жол менен жасалгалоонун оң жана терс жактарын түшүндүрүштү.

Кечеге Кыргызстандагы белгилүү коомдук ишмер айымдар чакырылып, айрымдары атайын номинациядагы белектерге ээ болушту. Мындан тышкары, атамекендик таанымал мода үйлөрүнүн шөкөтчүлөрүнүн колунан жаралган кийимдердин көргөзмөсү болду. Иш-чара концерт менен коштолду.