Жаңылыктар
Экс-мэрлердин соттук отуруму 16-октябрда өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Экс-мэрлердин соттук отуруму 16-октябрда өтөт


Экс-мэрлердин сотунда Финансы министринин мурдагы орун басары Мирлан Байгончоковду күбө катары суроо өтүнүчү канааттандырылган жок. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы кабарлады. Мындай өтүнүч баш калаанын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов жана анын жактоочусу тарабынан келтирилген. 

Эске салсак экс-мэр Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна байланыштуу коррупцияга айыпталууда. Баш калаанын дагы бир мурдагы мэри Албек Ибраимов да убактылуу кармоочу жайда камакта. Ал “Дастан” ишканасынын мүлкүн сатууда жана өзүнө сыйлык ыйгарууда мыйзам бузганы боюнча айыпталып жатат.

Өтүнүч четке кагылды. Кийинки соттук отурум 16-октябрда өтөт,- деп билдирди Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматынын өкүлү Айсулуу Жаасынова.