Салык кызматы кыргызстандыктарга бир жылда 37 916 даана патентти онлайн түрүндө берди. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди. Белгилей кетсек, 2018-жылдын 1-октябрынан тартып электрондук патент бериле баштаган. Аны Салык кызматынын www.salyk.kg сайтындагы "Салык төлөөчүнүн кабинети" электрондук сервиси жана ID-карта менен алууга болот.
Азыркы учурда электрондук патент алып, анын төлөмүн бир катар банктардын карточкалары, мобилдик капчыктары аркылуу төгүлүүдө. Электрондук патентти интернет аркылуу сатып алуу менен салыктык башкаруу жол-жобосун жөнөкөйлөтүп, салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү пландалган. Ошону менен бирге дагы бир максаты — коррупциянын тобокелдигин азайтуу.