Жаңылыктар
Кышка камылга башталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кышка камылга башталды

Кылычын сүйрөгөн кыштын келерине бир жарым айга жакын убакыт калды. Суугу катуу келген Тенир-Тоонун тургуну кыш камылгасын эртелеп көргөн. Ал кышка жай мезгилинде эле даярдана баштарын айтат. Үйүнө жаңы меш коюп, отун-суусун камдаган.

Бирок бардык эле адамдар эртелеп кыштын камын көрө бербейт. Баш калаанын чет жакасында жайгашкан, борбордук жылуулук тутумуна кошулбаган жана көгүлтүр от жете элек жаңы конуштардын жашоочуларынын кышка карата даярдыгы байкалбайт.

Бул Бишкектеги көмүр сатуучу кампанын бири. Азыр кардарлары корунбой, ээнсиреп турат, бирок биринчи кар түштү дегиче, көмүр алам деп кезек күткөн кишилер толуп калаары бышык. Ал жыл сайын кайталанчу көрүнүш. Сатуучулар азыр бирин-серин кардар келип жатканын, көмүр наркы түрлөрүнө жараша 3 жарым миңден 4 миң сомго чейинки баада экенин