Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна кимдердин тиешеси бар экендигин сот териштире баштады. 11-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алгачкы отурум болуп, соттук кароо баштала элек жатып кийинки жумага жылдырылды. Эскерте кетсек, бул иштин алкагында кылмышка барган деп дарыгерлерден баштап мурунку президентке чейин бардыгы болуп 19 адам шектелүүдө.
Батукаев 80чи жылдардын ортосунда өлүмгө чейин учураткан денеге оор залал келтирүү жана зордуктоо фактылары менен 13 жылга кесилген. 95 жылы опузалоо, курал-жарак жана ок-дары, маң заттарды мыйзамсыз сактоо боюнча 8 жылга камалган. 2000чи жылдары оор беренелер боюнча 4 жылга эркинен ажыратылган. Түзөтүү жайлардын биринен экинчисине уланган жашоо. Криминалдык авторитеттин турмушу түрмө менен тыгыз байланышта болгон. Бирок абакта күн өткөрүү ага балким оорчулук алып келген эмес. Анткени ал кармалган жерде мыкты делген мейманканадан кем эмес шарт түзүлгөн. Түрмө экенин, оор кылмыштарды жасаган Батукаев отурганын эске алганда, түзөтүү жайындагы жагдай таң калтырат. Жалпы жонунан алганда ага артыкчылыктар каралган. Ачык булактарда анын темир тор артындагы жашоосу белгилүү болгон.