Жаңылыктар
Унаага бажы төлөмдөрүн көбөйтпөөгө мүмкүнчүлүк бар
Кыргызстан жаңылыктары
Унаага бажы төлөмдөрүн көбөйтпөөгө мүмкүнчүлүк бар

Үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келген унааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап туруу боюнча Кыргызстанда Евразия экономикалык комиссиясына кайрылууга мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу экономика министри Санжар Муканбетов Жогорку Кеңеште билдирди. 

"Берилген жеңилдиктин мөөнөтүн узартуу боюнча сүйлөшүүлөр болууда. ЕАЭБге кирген мамлекеттердин соода-сатыгы бир. Ошондуктан, ар бир мамлекет өз автопаркын колдогонго багытталган. Андыктан азыр бул боюнча суроолор болуп жатат. Өкмөттө да кеңешип жатабыз" - деди Муканбетов. 

Мамлекеттик бажы кызматы 9-октябрда 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктай турганын жарыялаган. Мындан улам, 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ташылып келген унаалардын бажы төлөмү кескин көбөйөт. 

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине 2015-жылы киргенден кийин унаалар үч жыл бою биримдиктин алкагындагы төлөмдөр менен ташылган. 2018-жылы кыргыз өкмөтү Кыргызстанга ташылып келген унааларга бажы алымдарынын өлчөмүн азайтып, электромобилдерге нөлдүк төлөм койгон.