POST1RIGHT
«Эйр Манас» авиакомпаниясы 11-октябрга Бишкек - Ош - Бишкек багыты боюнча белгиленген үч каттамын токтотту. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин маалыматына таянып Транспорт жана жол министрлигинин маалымат кызматы билдирди. “Боингди” оңдоого керектүү тетиктер жок болгонуна байланыштуу АКШга буюртма берилди. Тетиктер качан келип, качан оңдолору белгисиз. Бирок Бишкек - Ош каттамын аткарган башка авиакомпаниялардын рейстери иштеп жатат - деп айтылат билдирүүдө.
«Эйр Манас» авиакомпаниясы билдиргендей, жүргүнчүлөр билетин башка күнгө алмаштырса болот. Каалоочуларга билеттин толук баасы кайра кайтарылып берилет. Аталган компаниянын бул каттам боюнча учуулары буга чейин да бир нече жолу техникалык себептерден улам токтотулган. Кыргызстанда үч авиакомпания, сегиз учак бар.