Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында Улуттук банк жарандар үчүн жеринде каржылык кызматтарды алууну жеңилдетүүдө. Учурда аймактарда банктардын банкоматтары менен POS-терминаладары иштеп жатат жана бул кызматтарды колдонгон жарандардын саны көбөйдү. Ошол эле учурда Улуттук банк укуктук-ченемдик актыларын да жакшыртууда.
Жогорку окуу жайда 40 жылдан бери мугалим болуп эмгектенген Калдыбай Салейдинов беш жылдан бери банк картасын колдонот. Минтип айлык маянасын банкоматтан алат. Карта менен колдонгонду да мыктылап үйрөнүп алган. Жакшы жери мурдагыдай эсеп-кысапчыларга кезекке турбастан каалаган суммаңды чыгарып алсаң болот-дейт ал.
Бүгүнкү күндө накталай төгүм жүргүзгөн жарандардын саны арбып жатат. Сентябрь айына карата алынган маалымат боюнча банк карталарын колдонгондор 2 миллион 800 миң адамга жеткен. Анын жарымы “Элкарт” улуттук системадагы карталарын колдонгондор.
Ошол эле учурда Улуттук банк чакан насыялык компаниялардан насыя банк картасына түшө тургандай долбоордун үстүнөн иштеп жатат. Бул дагы банк кызматтарын колдонгондорго насыя алууда кошумча мүмкүнчүлүк берет.