Жаңылыктар
Улуттук банк тарабынан аймактарга банкоматтар коюлууда
Кыргызстан жаңылыктары
Улуттук банк тарабынан аймактарга банкоматтар коюлууда

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылында Улуттук банк да бул багыттагы иштерин жигердүү аткарууда. Быйыл элетте банкоматтардын саны 6,2 %га көбөйдү. Тагыраагы 95 банкомат, 1539 даана POS-терминал коюлган. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди. 

Айтымында жыл аягына чейин дагы 100 банкоматты коюу мерчемделген. Ошол эле учурда Жалал-Абад, Ош жана Нарын облустарынын эң алыскы деген 127 айылында көчмө банк кассалары иштеп жатат. Бул долбоор аймактарда калктын банк кызматтарына болгон муктаждыгын чечет жана банк карталарын канча адам колдоноорун аныктайт. 

Ошол эле учурда мындай карталарды колдоно баштаган жарандардын саны да арбыды. Сентябрь айына алынган маалымат боюнча банк карталарын колдонгондор 2 миллион 800 миң адамга жеткен.