Бүгүн Бишкектин Свердлов райондук сотунда Жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча сот иши уланууда. Жыйын ачык өтүп жатат. Жараян эртең менен башталып, бирок сурак үчүн эксперттердин жоктугунан улам түштөн кийинкиге жылдырылды.
Белгилей кетсек, "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун даярдоо, ишке ашыруу боюнча кол коюлган келишимде коррупция болгону аныкталып, кылмыш иши козголгон. Эксперттердин эсебинде келишимден мамлекетке жалпы суммасы 5 млрд. 439 млн. сом зыян келтирилген.
Кылмыш ишинде мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, мурдагы депутат Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энергохолдингдин мурдагы жетекчиси Айбек Калиев жана "Электр станциялары" ишканасынын бир катар мурдагы жетекчилери айыпталууда.