Жыл башынан бери санарипти колдонгон салык төлөөчүлөрдүн саны 146 миңге жетти. Мындай ыкма бардык тараптар үчүн ыңгайлуу. Анткени, социалдык муктаждыктарды жарандар үйүнөн чыкпай туруп чечип алууда. Ошондой эле, мамлекеттик органдар дагы интернет аркылуу тейлөөнү жайылтуу аракетинде.
Салык кызматы киргизген электрондук тейлөөнүн артыкчылыгын 146 миң адам сынап көрдү. Салык төлөөчүлөр тиешелүү органга барып, документтерди толтуруп, убара болбой электрондук кызматтан пайдаланышты. Замандын агамы менен келген ыкманы кабыл алган жарандардын саны көбөйүп жатканы байкалууда. Мунун баары коррупциялык көрүнүштөргө бөгөт коёт.