Бүгүн, 3-октябрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги кээ бир райондорунда 0…-2° үшүк, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2019-жылдын 25-сентябрь күнү №02-34/816-Т телефонограммасы чыгарылып тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КР Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген.
Ошондой эле ККББ тарабынан уюлдук операторлор аркылуу калкка СМС билдирүүлөр жана телеканалдардан жүгүртмө жарнама аркылуу маалымат жиберилген. Мындан сырткары, ККжМЖМКС (ОКСИОН) аркылуу телеканалдардан тиешелүү маалыматтар жиберилген.