Жаракат алган Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов сүйлөй баштады. Бул тууралуу Кой-Ташта 7-8-август күндөрү болгон окуяны иликтеген мамлекеттик комиссиянын жыйынында белгилүү болду. Облустук милициянын башчысы ал күнү башына таш тийип, ооруканага жаткырылган.
Ал 12-августта Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборуна которулуп, дарылануусун улантууда. Курманкулов дээрлик бир айдан кийин эсине келген.