“Азаттык Медиа” мекемесинин кызматкерлерине байланыштуу катталган кылмыш иши акыйкат жана кылдат иликтенет. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы жиберген пресс-релизде баяндалат.
"Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин жетекчилиги тарабынан “Азаттык Медиа” мекемесинин кызматкерлерине байланыштуу катталган иш толугу менен көзөмөлдө тургандыгын белгилейбиз. Учурда тергөө, иликтөө ыкчам иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу тергөөнүн жашырындуулугун эске алуу менен тергөөгө тиешелүү жагдайларды ачыктоону убагы келгенде билдиребиз. ИИМ “Азаттык Медиа” мекемесинин кызматкерлерине байланыштуу жагдай кылмыштарды жана жоруктардын бирдиктүү рээстрине катталгандыгын жана окуя толугу менен кылдат жана акыйкат иликтене тургандагын белгилейт".