Андрей Малахов Кыргызстандыктардан кыргыз тилинде кечирим сурады. Бул арада Исламбек Акбаровго карата козголгон кылмыш ишин иликтөө иштери аяктады. Бул тууралуу кечээ кечинде Москва шаарынын Таган райондук сотунда белгилүү болду. Фемида өкүлдөрү бөгөт коюу чарасын карап чыкты.
Россиялык алып баруучу Андрей Малахов, Кыргызстандыктардан кыргыз тилинде кечирим сурады. Эске сала кетсек, 24-сентябрда Россия-1 каналындагы “Прямой эфир” көрсөтүүсү эфирге чыгып, анда россиялык олигархтын уулу каза болгон жол кырсыгы тууралуу, маселе козголгон.
Көрсөтүүнүн жүрүшүндө, алып баруучу Андрей Малахов аталган жол кырсыгы кокустук эмес, буйрутма болушу мүмкүн деген оюн так кесе айткан. Аны менен эле токтоп калбастан, кыргызстандык жаран менен кошо эле, анын жердештерине карата дагы жагымсыз сөздөрдү келтирген. Андан кийин эле, социалдык тармактарда жапырт нааразылыктар күчөп, анын кечирим суроосун кыргызстандыктар талап кылган эле.
Соттук жыйындын жүрүшүндө иликтөө органынын өкүлү Исламбек Акбаровдун камакта калтыруу мөөнөтүн узартууну суранып, иликтөө иштеринин аягына чыккандыгы боюнча протоколду сотко берди. Ушул жана башка процессуалдык иштер жыйынталгыча, иликтөөчү менен прокуратуранын өкүлү, Акбаровдун камакта калтыруу мөөнөтүн узартуу боюча өтүнүчүн билдиришти.
Өз кезегинде адвокат Алексей Касатов Исламбек Акбаровду үй камагына чыгаруу боюнча өтүнүчүн билдирди. Ошондой эле, ал Акбаровдун эч жакка качпай турганын, тескерисинче, иштин кылдат иликтенишине кызыкдар экенин айтты.
"Прямой эфир" көрсөтүүсүнүн жүрүшүндө алып баруучу Андрей Малахов, таксисттин үй бүлөсү адвокат жалдоого кайдан каражат тапкандыгына кызыккан. Исламбек Акбаровдун бөлөсүнүн айтымында, жактоочунун кызмат акысын туугандары, айылдаштары менен чогуу иштешкен жоро-жолдоштору чогултуп берген.