Жаңылыктар
Эртең Бишкекте окутуу сиренасы жаңырат
Кыргызстан жаңылыктары
Эртең Бишкекте окутуу сиренасы жаңырат

 Эртең, 2-октябрда,  Бишкек шаарында  саат 11:00 чамасында окутуу  сиренасы  жаңырат. 

Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы  Майрамбек Жунусов  маалымат жыйында билдирди.

 Окутуу иш-чаралары «Табигый кырсыктын тобокелин азайтуунун күнү» айлыгынын алкагында өткөрүлөт. Шаардагы электр сиреналарынын иштегенин текшерүү үчүн бир убакта 40 сиренанын  үнү угулат. 

Жарандарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана эч кандай иш-аракеттерди колдонбоо  эскертилет.  Бишкек боюнча тургундарга коркунуч жана кырсык тууралуу кабар берген 126 электр айгайы иштейт.