Жаңылыктар
Жалал-Абад: жергиликтүү тургундар иш менен камсыздалды
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абад: жергиликтүү тургундар иш менен камсыздалды

Быйыл Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда бир канча жаңы жумуш орундары пайда болуп, жергиликтүү тургундар иш менен камсыздалды. Аймакта кыш чыгаруучу завод ишке кирип, жакында эле чакан тигүү цехи өз ишин баштады. 

Алдыда дагы сүттү кайра иштетүүчү жай ишке кирүү алдында турат. Адистер элет жеринде жумуш орундар түзүлсө чет жакка чыгып иштөөнүн зарылдыгы жоюлуп, миграция кыскара турганын жүйө тартышууда.