Жаңылыктар
Мугалимдердин маянасы 30 пайызга жогорулады
Кыргызстан жаңылыктары
Мугалимдердин маянасы 30 пайызга жогорулады

1-октябрдан тартып билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы жогорулайт. Тиешелүү токтомго Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ага ылайык, тармактын жүз жыйырма миңдей кызматкеринин маянасы 30 пайызга көтөрүлдү. Гүлжан Маматова Жалал-Абад шаарында мугалимдик кесипти 32 жылдан бери аркалап келе жатат. Математика адиси агартуучулардын эмгек акысы жогорулайт деген жаңылыкты кубануу менен кабыл алды.

Билим берүү тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысы 1-октябрдан тарта жогорулаары кабарланган. Алгач 20, 30 жана 40 пайызга көбөйтүүнүн жолдору каралып, бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша чечим кабыл алынды. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Жалпысынан 120 миңдей кызматкердин маянасы көтөрүлүүдө. Өкмөт башчысы мындан сырткары эл аралык олимпиадаларда натыйжа көрсөткөн окуучулардын мугалимдерине сый акы берүү да зарыл экенин белгиледи.