Жаңылыктар
Бишкектин борбордук бөлүгүн суу менен камсыз кылуу убактылуу токтотулат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин борбордук бөлүгүн суу менен камсыз кылуу убактылуу токтотулат

1-октябрда Бишкектин борбордук бөлүгүн таза суу менен камсыз кылуу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Мааламатка ылайык, бул күнү борбордук суу куурларын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Саат 9.00дөн 17.00гө чейин Логвиненко, Михаил Фрунзе көчөлөрүнүн чектешкен жеринде, Манас проспекти жана темир жолдо таза суу болбойт.