Кыргызстан Россиядан акча каражаттарын которуу боюнча киргизилген чектөөлөрдүн лимитин жогорулатууну суранды. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловго шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.
Өлкө Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө экенин эске салган элчилик, Россиянын мигранттардын каражат которуусу үчүн киргизген чектөөлөрү бир топ кыйынчылыктарды жаратып жатканын жүйө тартууда.
Быйылкы жылдын 7 айында Россиядан Кыргызстанга 1 миллиард 324 миллион доллар которулду. Өткөн жылдын ушул мезгилинде 2 миллиард сомго жакын каражат которулган. Эксперттер муну каражат которууга киргизилген лимит менен байланыштырып жатат, - деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.
Эскерте кетсек, 2019-жылдын апрелинде Россия өкмөтү Китайга, Кыргызстанга жана Вьетнамга акча котурууга чектөө киргизген. Орус бийлиги аны мыйзамсыз финансылык операциялар менен күрөшүү аракети караты түшүндүргөн.