Жаңылыктар
Кыргыз өкмөтүнүн кезектеги отуруму быйылкы жылдын 7 айында аткарылган иштерге арналды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз өкмөтүнүн кезектеги отуруму быйылкы жылдын 7 айында аткарылган иштерге арналды

Республикалык бюджет маселеси каралган жыйында Өкмөт башчынын айткандарына баам салсак быйылкы жылдын башынан бери жергебизге келген инвестициянын көлөмү 394 миллион долларды түзгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 59 пайызга көп. Ал эми экспорттун өсүшү 9.1 пайызды түзсө, импорт 11, 8 пайызга кыскарган. 

Тышкы карызды 46, 5 пайызга кыскартуу белгиленип жатат. Ошону менен катар жөлөкпул, пенсия жана эмгек маяналар өз убагынан кечиктирилбестен төлөнөт деп премьер-министр убада кылды. Негизи Өкмөттүн берген убадаларына таянсак келээрки жылы бардык чыгашалар ички кирешелер менен жабылып, ал эми тышкы карыздар жана гранттар инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталмакчы.