Жаңылыктар
Башкы прокуратуранын расмий сайтында интернет-кабылдама иштей баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Башкы прокуратуранын расмий сайтында интернет-кабылдама иштей баштады

Эми кыргызстандыктар чет мамлекетте жүрсө дагы башкы прокуратурага кайрыла алат. Кыргызстандын башкы көзөмөл органында интернет-кабылдама ачылып, жарандар үчүн кайрылуу жараяны кыйла жеңилдеди. Эске салсак жуманын ар бейшемби куну башкы прокурор жарандарды озу кабыл алат.

Калк менен байланышты жакшыртуу максатында Башкы прокуратуранын расмий сайтында интернет-кабылдама иштей баштады. Ошондой эле каалоочулар прокуратуранын электрондук дарегине кат жиберсе болот. Интернет-кабылдамага чет мамлекетте жүргөн кыргыз жарандары дагы арыз таштай алат.

Кайрылуулар жылдан жылга көбөйүүдө: Президенттин аппаратынан, Катчылыктан өкмөттөн, парламенттен жана башка мамлекеттик мекемелерден каттар түшүп жатат. 2017-жылдын 6 айында - 20 миңден ашуун арыз түшсө, 2018-жылдын ошол аралыгында бул көрсөткүч 24 миңден ашкан. Ал эми 2019-жылдын 6 айында 26 кайрылуу катталды. Буга байланыштуу башкы прокуратуранын 3 башкармалыгында жарандардын кайрылууларын карай турган атайын бөлүмдөр ачылды.

Электрондук документ алмашуу тутумун киргизүүнүн алкагында "Ай Ти сервис" мамлекеттик ишкананын адистери менен иш жүрүп жатат.

Электрондук докмент алмашунун негизги максаты - мекемедеги иштин натыйжалуулугун жогорулатуу жана иш алып барууну тездетүү болуп саналат. Ошондой эле аткаруу бийлигин көзөмөлдөөнү жеңилдетип, документ алмашууда артыкчылыктар кыйла чоң.