Жаңылыктар
ӨКМ: «Баткен-2019» эл аралык машыгуусу өттү
Кыргызстан жаңылыктары

Баткенде үч республиканын Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин биргелешкен машыгуусу болуп өттү. «Баткен-2019» деп аталган эл аралык машыгуу Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар мекемелеринин биргелешкен коллегиясынын чечими менен уюштурулууда. 

Иш-чаранын максаты - коңшу мамлекеттер менен ар кандай табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга карата ыкчам чара көрүү, бирге аракеттенүү жана калкка ар тараптуу жардам көрсөтүүнүн жолдорун иштеп чыгуу. Баткен облусунун аймагында айрыкча жаз айларында сел, көчкү сыяктуу жаратылыш кырсыктары көп болот. Адам өмүрү кыйылган учурлардан тышкары жабыркаган аймактар материалдык чыгымга да дуушар болушат.

“Бул жерде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча жана ошондой эле чек арадан өтүү боюнча, бажы кызматынан өтүү боюнча жолдордун баары камтылган. Эми мен ойлойм биздин машыгуубуздун максаты өзгөчө кырдаалдар болгон мезгилде кандай болуп жетүү, күчтөрдү границалардан, бажыдан алып өтүү жолдору каралды. Мен ойлойм бүгүнкү күндө ушул машыгуунун аякташы менен биз максатыбызга жеттик”, - дейт Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Акматов.