Жаңылыктар
Карылар күнүнө карата «Бабушка Эдопшн» фонду иш-чара өткөрдү
Кыргызстан жаңылыктары
Карылар күнүнө карата «Бабушка Эдопшн» фонду иш-чара өткөрдү

1-октябрь - Карылар күнүнө карата Бишкек шаарында «Бабушка Эдопшн» фонду 20 жылдык саамалыгын өткөрдү. Аталган фонд азыркы күнгө чейин миңдеген кароосуз калган карыларга каржылык жана социалдык жактан колдоо көрсөтүп, бир катар долбоорлорду ишке ашырган. Ошону менен бирге кыргыз коомчулугунда сый-урматка татыган. 

Бул сапар уюштурулган иш-чара да Кыргызстандагы кары адамдардын олуттуу маселелерине коомчулуктун көңүлүн буруу багытында болду. Ошондой эле, кайрымдуулук лотерея менен кечеде сатылган суусундуктардан түшкөн каражаттар карыяларга жумшалат. 

Мындан тышкары, карылардын өз колу менен жасалган азем белектердин жарманкеси өттү. Фонддун активдүү демөөрчүлөрүнө алтын, күмүш жана коло медалдар тапшырылды.

“2030-жылы калктын кары болушу башталат. Карыган сайын медициналык камсыздандыруу керек, пенсия керек, моралдык жактан жана физикалык жактан алардын ден соолугу, канчалык кары болгон сайын, ошончолук адамдын жашоосунда трагедия. Биз ошондуктан алдын-ала чараларды көрүш керек”,- деди Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева.