Жаңылыктар
Бишкек: Ички иштер бөлүмдөрүндө тергөөчүлөрдүн саны өстү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек: Ички иштер бөлүмдөрүндө тергөөчүлөрдүн саны өстү

Бишкектин райондук ички иштер бөлүмдөрүндө тергөөчүлөрдүн саны өстү. Ички иштер министрлигинин штаттык орундарды оптимизациялоого байланыштуу жүргүзгөн ишине ылайык, быйыл ИИМдин аппараттык башкармалыгында 252 орун кыскартылды. Анын ордуна алыскы аймактарда райондук, айылдык бөлүмдөрдө тергөөчүлөрдүн саны көбөйдү. 

Серепчилер Ички иштер министрлиги штаттык оптимизация менен чектелбеш керектигин, бул тармактагы реформаны андан ары улантуу замандын талабы экенин белгилешет. Буга жалпы коомчулуктун, эксперттердин жардамы керек.