Бишкектин Жылуулук берүү борбору кышкы жылытуу мезгилине 90 пайыз даяр. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитеттин төрагасы Эмил Осмонбетов билдирди.
Бүгүн ал Жылуулук берүү борборунда болуп, даярдык иштери менен таанышты. Маалым болгондой, учурда ЖЭБге Кара-Кечеден 140 миң тонна көмүр алынып келинген, дагы 700 миң тонна кара алтын керектелмекчи.
Мындан тышкары, 400 миң тонна көмүрдү Казакстандан алуу боюнча макулдашуу бар. Жалпысынан жылытуу мезгилине 1 млн. 100 миң тонна көмүр талап кылынат. Ошондой эле газ, мазутту сатып алуу боюнча тендер иштери жыйынтыкталган, жакынкы күндөрү алар ЖЭБге келип түшөт.