Жаңылыктар
"Макмал голд" ишканасы өнүгүү фондуна 5 млн. сом которду
Кыргызстан жаңылыктары
"Макмал голд" ишканасы өнүгүү фондуна 5 млн. сом которду

"Макмал голд" ишканасы Тогуз-Торо районунун өнүгүү фондуна 5 млн. сом которду. Бул иштер ушул жылдын 4-августунда аталган ишкана менен район администрациясынын ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык аткарылды. Бүгүнкү күндө ишканада 332 адам эмгектенет, анын 283ү жергиликтүүлөр. Алардын 90у райондук жумушка орноштуруу башкармалыгынын каттоосунда тургандар.

Ишканада орточо маяна 20 миң 300 сом. Калкты жумушка орноштуруу жана жакырчылыкты жоюу максатында "Макмал голд" ишканасы Тогуз-Торо райондук калкты жумушка орноштуруу жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен тыгыз кызматташып келет.