Таласта өткөн алгачкы Улуттук көчмөндөр оюндары аяктаганы менен анын эл демине күч берген таасири дагы да көпкө сезилээри байкалат. Анткени бул саамалыктын шарапаты менен облус аймагында бир катар жаңылануулар орун алды.
Көчмөн элдин эрки жашаган өлкөбүздө бул өңдүү иш-чаралар ынтымакты, достукту жана албетте меймандостукту бекемдери даңазаланды.
Дал ушундай маанай Таласта өткөн Улуттук көчмөндөр оюндарынын элге берген таасири. Ким гана болбосун дубанда өткөн акыркы ири масштабдуу саамалыктан оң таасир алганы көрүнүп турат. Албетте саамалыктын шары менен колго алынган жаңылануулар, бул демилгенин салмагынан кабар берет.
Ага мисал шаардагы ат майдан. Көп жылдар бою кароосуз турган бул жай, эми минтип көркүнө чыгып, бир гана калаа тургундарынын эмес, келечекте облус, республиканын далай жакшылыгына жарап бере турган көрүнүшкө ээ болгону талашсыз. Ага кошумча ат майданга барчу жол жаңырып, кечки жарыктандыруу орнотулуп, ири объектинин мааниси артты.
Ири иш-чаранын шарапаты менен оңдолгон жолдор дагы сөзгө алынаарлык болду. Талас шаарынын ичиндеги Оторбаев, 1-май, Ломоносов көчөлөрү толугу менен жаңыланды. Аны менен катар Газпром спорт комплексине, Алканов атындагы ат майданга барган каттамдар толук оңдолуп, асфальт төшөлдү. Андан тышкары, облустук администрция имаратынын сырты жаңыртылып, мамлекеттик туу илинген таянычтын пайдубалы толук жасалгаланды.