Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда эки жылдан бери эмгектенип жүрүшкөн Япониялык ыктыярчылар кыргыз тилин мыкты өздөштүрүшкөн. Тилди үйрөнүү менен алар жергиликтүү элге оңой аралашып, жашоо турмушу менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алгандарын айтышат.
Ыктыярчылар JIСA эл аралык агенттиги аркылуу келип, бирөө Ак-Суу районундагы балдардын реабилитациялык борборунда физиотерапевт болуп эмгектенсе, экинчиси балдар билим борборунда кол өнөрчүлүк сабагынан мугалим болуп иштеди.
Ыктыярчылар кыргыз тилин үйрөнүү менен жергиликтүүлөргө япон тилин, маданиятын, улуттук ыр-бийлерди таанытууга үлгүрүштү. Алардын аракети менен балдардын дүйнө таануусу, ой жургүртүүсү кеңейди дешет аксуулуктар. Мындай долбоорлор аркылуу кыргыз-япон кызматташтыгы бекемдеп, эки элдин достугу артууда. Япон ыктыярчылары эки жылдык мөөнөтү аяктап, мекенине кайтар алдында турушат.