Жаңылыктар
Кыргыз тилинде сүйлөп, манас айткан америкалык ыктыярчылар
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз тилинде сүйлөп, манас айткан америкалык ыктыярчылар

Тынчтык корпусу уюму аркылуу Кыргызстанга келген 39 ыктыярчы бүгүн ант берип, кыргыз тилинде сүйлөп, бийлеп, ырдап жана манас айтып беришти. Аземге Жогорку Кеңештин депутаттары, билим берүү министрлигинин өкүлдөрү жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси катышты. 




Кыргызстан 27 жылдан бери Тынчтык корпусу уюму менен кызматташып келет. Бул убакыт аралыгында 1200 ыктыярчы Кыргызстанга келип кетти. Негизги максат улут аралык маданий мамилелерди түзүү жана тил үйрөнүү болуп саналат.

Ыктыярчыларды алыскы сапарга узатуу үчүн АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу дагы келген. Өз сөзүндө ал карьерасын так ушул ыктыярчы болуудан баштаганын баса белгилеп, Кыргызстанга келген АКШ жарандарынын тандоосун кубаттады. Мындан тышкары кыргыз тилин үйрөткөн мугалимдерге терең таазим этип, кыргызча ыраазычылыгын билдирди.