Өткөн аптада калкка социалдык кызмат көрсөтүүдө 46 миңден ашуун маалыматтар электрондук түрдө алмашылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров кабарлады. Ал мамлекеттик органдардын бирдиктүү "Түндүк" тутумунун жардамы менен калкты тейлөө жеңилдегенин билдирди. Бирок министрликтин айрым аймактык бөлүмдөрүндө ишин так аткарбаган жетекчилер бар экенин айтып, аларга карата чара көрүлөрүн белгиледи
Министрлик соңку айларда санарипке байланышкан бир катар жаңылануулар болгонун билдирүүдө. Жарандар жөлөк пулдарды алууда эми топ кагаздарды топтоп, убара тартышпайт. Кайрылган адамга керек болгон маалым катты мамлекеттик органдар бири-биринен ала алышат. Маселен, Мамлекеттик каттоо кызматынан, Социалдык фонддон, Салык кызматынан, Ветеринарык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциядан алынуучу маалыматтар автоматташтырылган.