Жаңылыктар
Президент Сооронбай Жээнбеков Оренбург шаарына учуп кетти
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Сооронбай Жээнбеков Оренбург шаарына учуп кетти

Президенти Сооронбай Жээнбеков бир күндүк жумуш сапары менен Россияга учуп кетти. Ал Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Кургак жер аскерлер топторунун катышуусунда биргелешкен практикалык иш-аракеттер өтө турган Оренбург шаарына барат.

Өткөрүлүп жаткан машыгуулардын негизги максаты – азыркы мезгилдин шарттарында аскердик аракеттерди жүргүзүүгө үйрөтүү, союздаш мамлекеттердин аскердик башкаруу органдарынын ыкчам шайкештигин жогорулатуу.

Ошондой эле Кыргызстандын жана Россиянын башчылары жолугушуу өткөрүп, эки жана көп тараптуу кызматташуу, анын ичинде аймактагы коопсуздукту камсыздоо маселелерин дагы талкуулашат.