Жаңылыктар
Кыргызстандын сот тармагында иш жүргүзүү электрондук форматка өтүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын сот тармагында иш жүргүзүү электрондук форматка өтүүдө

Кыргызстандын сот тармагында иш жүргүзүү электрондук форматка өтүүдө. Мында автоматташтырылган маалыматтык тутум 3 жыл мурда киргизиле баштап, учурда 64 сотто жаңы система ишке киргизилди. Бул иштер соттордогу ачык-айкындуулукту камсыздоо максатын көздөйт.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту электрондук негизде иш алып барууга өтүүдө. Мурда арыздануучулардын иши жалаң кагаз жүзүндө каралып келсе, азыр электрондук үлгүдө кызмат кылат. Мында жарандар арызын кагаз жүзүндө калтырат. Андан аркы иш толугу менен компьютердеги бирдиктүү тутумга киргизилет.

Арыз бирдиктүү маалымат тутумуна түшкөндөн кийин, ал ишти автоматтык түрдө система бөлүштүрөт. Судьялардын ишти кароосуна соттун төрайымы да кийлигише албайт. Мындай автоматташтырылган системага өлкөнүн 36 соту өттү.

Мындан тышкары, сот отурумдары коомчулукка жеткиликтүү болуп калды. Имараттарда аудио жана видео жазуулар орнотулуп, аны act.sot.kg сайтынан ар бир жаран көрө алат. Азыркы тапта Жогорку сот баштаган 21 соттун жараян залдарына камералар орнотулду.

Сот тармагын санариптештирүү иши мындан 3 жыл мурда башталып, 2022-жылга карата өлкөнүн бардык сот системасын жаңы тутумга өткөрүү пландалууда. Бул убакыт ичинде заманбап технологияларду орнотуу менен кошо жалпы ачык-айкындуулукту камсыздоо, тутумдун тейлөөсүн жакшыртуу тапшырмасы турат.

Соттордо жүрүп жаткан санариптештирүүнүн көп артыкчылыктары бар. Биринчи кезекте, тармактын ишин жеңилдетип, сот процесстердин жүрүшүн ылдамдатат. Экинчиден, аталган тармакта ачык-айкындуулукту камсыздап, ишти адилеттүү жүргүзүүгө өбөлгө түзөт.