Сот системасын реформалоонун негизги максаттарынын бири - судьялыкка талапкерлерди тандоонун сапатын арттыруу, аларга карата ишенимди жогорулатуу гана эмес, сот тутумунун базасын материалдык жана техникалык абалын чыңдоо, кызматкерлердин иштөөсүнө шарт түзүү.
Имарат капиталдык ремонттон өткөрүлүп, кошумча корпус курулгандан кийин кызматкерлер үчүн ыңгалуу шарт жаралган. Мурда бир бөлмөнүн ичинде 4-5 киши тыгылып иштеп келсе, азыр 2 ден отурат. Сот отуруму өтө турган зал да кеңейтилген. Ноокен райондук сотунда судьялар менен биригип 26 кызматкер бар.
“Аудио жана видео жаздырып алуу оң натыйжа берип жатат. Биринчиден, сот залында болгон бардык аракет баш-аягына чейин жазылат. Экинчиден, тартип жагы жөңгө коюлат экен. Бул ыкма чоң өзгөрүүлөргө алып барат деп ойлойм.”
Ал эми облус аймагындагы сот административдик имараттарын интернет менен камсыздоо иштери толугу менен жолго коюлган.