Бишкектеги №1 тергөө абагы башка жерге көчүрүлөт. Учурда бул багытта тиешелүү долбоор даярдалып жатат. Ошол эле учурда №47 колония дагы башка жакка которулат. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Мониторинг, талдоо жана маалымат борборунун ачылышында билдирди. Борбор Жазаларды аткаруу кызматынын ишин кыйла жеңилдетет жана абактагы коопсуздук камсыздалат.
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында мониторинг, талдоо жана маалымат борбору иштей баштады. Мында калкка керектүү маалым каттарды бере турган өзүнчө жай, видео байланышы бар жыйындар залы, абактагы абалга байкоо сала турган борбор менен маалыматтарды сактай турган сервердик бөлмө орун алган. Бул долбоор боюнча алгачкы баскычта жетишилип отурат.
Мында азыр 20 оператор нөөмөт менен иштей баштады. Экрандар аркылуу абактарда абалды гана эмес ички тартип бузулуулар да каттоого алынып турат жана тыюу салынган телефондон баштап башка буюмдарды алып кирүүгө бөгөт коюлду.
Ал эми экинчи баскычта же октябрь айында өлкөдөгү абактарда видео байкоо камераларынын саны дагы 3 миңге жеткирилет. Учурда жабык жайлардын кайсы жерине камераларды орнотуу муктаждыгы бар экенин аныктаган топ иштеп жатат. Борбордун дагы бир өзгөчөлүгү абактагы жарандарды сотко алып барбастан эле видео-конференция аркылуу соттук териштирүүгө катыштыруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бул да болсо коопсуздукту камсыздоонун бир түрү.