Жаңылыктар
Ала-Арча паркындагы өрт өчүрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Ала-Арча паркындагы өрт өчүрүлдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка ылайык, 31-август күнү Ала-Арча улуттук паркында тоонун боорундагы жана чокусундагы бадалдар жана куураган чөп күйүп кеткен. Ишемби күнү саат 20:15те өрткө бөгөт коюлду.

1-сентябрда түшкө маал тилсиз жоо толугу менен өчүрүлдү. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, буга чейин өрткө каршы жумуштарга милиционерлер жана жергиликтүү тургундар болуп 750дөн ашык адам тартылган.

Учурда өрттөн жабыркагандар жок. Кылмыш-жаза кодексинин 287-беренеси ("Токойду жок кылуу же бүлүнтүү") боюнча сотко чейинки тергөө башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.