Жаңылыктар
Бишкекте оңдолуп жаткан көчөлөрдүн тизмеси
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте оңдолуп жаткан көчөлөрдүн тизмеси

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Бишкектин түндүк-батышында жайгашкан алты көчөнү — Молдокулов, Көк-Жайык, Кара-Жыгач, Исакеев, Виноградный жана Улан көчөлөрүн оңдоп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, көчөлөрдүн жээгине туурасы 1,5-2 метр болгон тротуарлар дагы салынат. 

"Бишкек шаарынын башка бөлүгүндө да көчөлөр оңдолууда. Якутск көчөсүнүн Дэн Сяопинден тарта Каракум көчөсүнө чейинки 650 метри жаңыртылат. Андан сырткары, Жумабек көчөсүнүн Турусбековдон Махатма Гандиге чейинки бөлүгү учурда жасалууда", — деп айтылат маалыматта. 

Шаардык кызматтын өкүлдөрү Панфилов көчөсүндө иштерди улантууда.