Алты жыл мурдагы окуя боюнча эми мурдагы мамлекет башчысы да айыпталып жатат. Буга чейин бир катар мурдагы кызмат адамдары камакка алынып, айрымдары үй камагына чыгарылган. Өтө оор кылмыштарга аралашып, кримчөйрөдө таасири бар адамдын бошотулушу ошол учурдагы бийликке нааразычылыкты күчөткөн болучу.
2013-жылдын 10-апрелинде кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы бошотулду деген кабар желдей тараган. Бул окуя ошол учурдагы бийликтин аброюна көлөкө түшүрүп, коомчулукта, парламентте да кызуу талкуулар жаралган эле.
Акыйкатчынын өтүнүчү, дарыгерлердин корутундусу, соттун чечими, айтор кримтөбөлдү бошотуу үчүн бир нече кадамдар жасалып, кримтөбөл түрмөдөн чыгаары менен аба майданды көздөй бет алган. Аны жакындары эле эмес, Жазаларды аткаруу кызматынын өкүлдөрү коштоп барган.
Кримтөбөл бошотулганда Акыйкатчынын кызматтан алынганын эске албаганда эч ким өз учурунда жазага тартылган эмес. Президенттик кызматты аркалап турган Алмазбек Атамбаев бул окуя боюнча өз пикирин айтып, Батукаевдин коё берилишин күч түзүмдөрүн тейлеген мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун кемчилиги катары баалаган.
Бирок, убакыттын өтүшү менен бул иш кемчилик эмес, кылмыш катары баалана баштады. Кармалган Шамил Атаханов мурдагы мамлекет башчысына каршы көрсөтмө берип, Батукаевди бошотууга тапшырма болгонун тастыктады.