Алмазбек Атамбаев соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүдөн баш тартты. Бул тууралуу анын тарапкерлери кабарлады. Буга чейин мурдагы президентке экспертиза дайындалганы тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлаган. Атамбаев Батукаев иши боюнча көрсөтмө берүүдөн да баш тартып келе жатат. Сот иши бүгүн да уланбай, башка күнгө жылдырылды.
Кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулушуна байланыштуу сот отуруму дагы жылдырылды. Буга айыпталуучулардын бири Абдухалим Райымжановдун ооруп келбей калганы себеп болду.
Мурдагы президент сотко катышуудан баш тартууда. Бирок ал отурумга мажбурлап алып келинип жатат. Анткен менен көрсөтмө берүүнү каалабайт.
Атамбаев соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүдөн да баш тартканын анын тарапкерлери кабарлады. Буга чейин Ички иштер министрлиги оор жана өзгөчө оор кылмыштарга шектелгендер аталган экспертизадан өтүшү керек экенин билдирип, мурдагы мамлекет башчысын да текшерүү дайындалганын кабарлаган.