Таластагы Сарымсак каналы оңдолууда. Ал үчүн Ислам өнүктүрүү банкынан 600 миллион сом каралган. Учурда каналдын беш чарбалык бөлүгүндө иш жүрүп жатат.
Мындан тышкары, жакынкы аптада Бактуу-Ногой, Жалпак-Тил ири каналдары оңдолот. Бул каналдардын ишке кириши менен ар биринен 250 гектардан 500-600 гектарга чейин айдоо жерлер өздөштүрүлөт.
Манас районунда дагы ири Кадыраалы каналы оңдолору мерчемделген. Облустагы ири каналдарды оңдоо менен жалпы 3600 гектар айдоо аянты айыл чарба багытында колдонула баштайт.