Жаңылыктар
Туристтик сезонго байланыштуу патрулдук милициянын көчмө посттору ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
 Туристтик сезонго байланыштуу патрулдук милициянын көчмө посттору ачылды

«Кордай (Казакстан) – Бишкек», «Манас» аэропорту - Бишкек», «Түндүк айланма жолу – Бишкек», «Бишкек - Балыкчы – Чолпон-Ата – Каракол» жолдоруна Патрулдук милициянын көчмө посттору жайгаштырылды. Көчмө посттор туристтик сезонго байланыштуу ачылды. 

Ошондой эле, Боом капчыгайында, Кемин районунда, Төө-Ашуу өтмөгүндөгү «Бишкек-Ош» автожолундагы посттор күнү-түнү иштейт. 

Мындан сырткары медициналык жардам көрсөтүү зарылдыгы чыгып калса өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тез жардам көрсөтүүчү тобу менен куткаруучулар нөөмөттө болот.