Жаңылыктар
Өнөр жайды жана ишкерликти өнүктүрүү
Кыргызстан жаңылыктары
Өнөр жайды жана ишкерликти өнүктүрүү

Мамлекет бизнестин реалдуу өнөктөшү, ал эми бизнес чөйрө болсо өнүгүү процессинин тең укуктуу катышуучусу болушу керек. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков өнөр жайды жана ишкерликти өнүктүрүү комитеттин биринчи жыйынында билдирди. Комитеттин жыйынында өлкөнүн өнөр жайынын азыркы абалы жана келечеги, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүдөгү тоскоолдуктар жана мүмкүнчүлүктөр маселеси талкууланды.

Бул Өнөр жай жана ишкердик боюнча комитеттин биринчи отуруму. Комитет президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен түзүлүп, максаты- мамлекет менен бизнес-чөйрөнүн ортосунда актуалдуу маселелерди чечүү үчүн пикир алмашуу аянтчасын камсыз кылууну көздөйт. Комитеттин курамына мамлекеттик органдардан, ишкер чөйрөдөн, өнөр жай жетекчилеринен жана эксперттерден турган 25 адам кирген. Президент бул органдын иш алып бара турган негизги үч багытын атады. 

Мына ушул максаттарга жетүү үчүн өлкөдөгү өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө багытталган стимулдардын натыйжалуулугун талдоо, инвестициялык программаларды сунуштоо, заманбап адистерди даярдап чыгуу жолдорун иштеп чыгуу сыяктуу бир катар ыкмаларды ишке ашыруу зарыл. Президенттин айтымында дүйнөдө бул тармак тездик менен өнүгүүдө, Кыргызстанда болсо өнөр жай дагы деле көйгөйлүү маселе болуп калууда.