Жакынкы үч жылда өлкөнүн жеңил өнөр жай тармагында иштеген ишканалар ирилешип, дүйнөлүк атактуу бренддер менен кызматташат. Демек атамекендик кийим кечелер сапаты жагынан чет өлкөнүкөнөн кем калышпай, экспорттун көрсөткүчү дагы кеңейет.
Бул аракеттер өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдындагы Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин чечимине ылайык ишке ашканы турат. Жеңил өнөр жай тармагын өнүктүрүү программасы жана жыл башында күчүнө кирген мыйзам кабыл алынган.