Жаңылыктар
Кыргызстан менен Монголия дзюдо командалары Олимпиадага чогуу даярданышат
Спорт
Кыргызстан менен Монголия дзюдо командалары Олимпиадага чогуу даярданышат

Кыргызстан менен Монголиянын Дзюдо боюнча улуттук курама командасы 2020-жылы өтүүчү Олимпиада оюндарына чогуу даярданышат. Мындай демилгени Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга Кыргызстандын Улуттук Дзюдо Федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев менен өткөн аптада жолугушкан учурунда көтөргөн. Тараптардын негизги максаты- дзюдону өнүктүрүү.

Кыргызстан менен Монголиянын дзюдо боюнча улуттук федерациясынын башчылары жолугушаарын алдын- ала билишкен эмес. Дзюдону өнүктүрүүгө күйгөндүктөн бош убакытын туура пайдаланып, Кыргызстандын Дзюдо боюнча улуттук курама командасынын президентине кезиккен.

Дзюдо боюнча эки өлкө көп жылдан бери кызматташып келишет. Бул жолу да тажрыйба алмашуу ирээтинде Кыргызстандык дзюдочуларды Монголиянын президенти Токиодо өтө турчу “2020-жылы өтө туруучу олимпиада" оюндарына чакырып, бирге машыгууну сунуштады.

Учурда курама команда Японияда өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка даярдануу үчүн Ысык-Көлдөн окуп-машыгышууда. Сергек жашоону туу тутуп өздорун спортсуз элестете албаган балдар Монголдук спортчулар менен достук артылып жатканына кубангандыктарын билдиришти. Кыргызстандык балдарга атактуу дзюдочу, 2004-2008-жылдагы олимпиадалардын чемпиону Масато Утисиба жардам берет. Дзюдо боюнча улуттук курама команданын окуп-машыгуулары 3-июлда аяктайт.