Жаңылыктар
«Манас» жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы» мекемеси түзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
«Манас» жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы» мекемеси түзүлдү

«Манас» жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясы» мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Өкмөттүн тиешелүү токтомуна премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. 

Бул чечим Президенттин ушул жылдын 31-январындагы «Манас» жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы» Жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынды. Ал эми Премьер-министрдин кол койгон жаңы буйругу менен «Манас» жана Чынгыз Айтматов улуттук академиясынын президенти болуп Топчубек Тургуналиев, вице-президенти залкар жазуучунун уулу Эльдар Айтматов дайындалды.